Коом
Кара-Кулжада сел алып кеткен үй-бүлөнүн башчысы милиция кызматкери болгон

Бул тууралуу Ош ОИИБ маалымдады.
Кечээ саат 22:25тер чамасында сел Daewoo Matiz унаасында бараткан үй-бүлөнү азыгып кеткен. Анда 36 жаштагы милиционер, анын 34 жаштагы жубайы, 12 жана 4 жаштагы уулдары, 8 жаштагы кызы болгон.
Кырсыктан жалгыз кызы аман калып, ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар жубайлардын жана бир баласынын сөөгүн таап, жакындарына өткөрүп берди.
Учурда ӨКМ, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар 4 жашар баланы издеп жатат.



