Ак-Суу районунда «Арсенал» операциясы болуп, 13 жаран ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен өткөрүп берди

Курал-жарак, жардыргыч заттарды жана жардыргыч шаймандарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо, ок атуучу курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын бетин ачуу максаты коюлган «Арсенал» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы Ак — Суу районунда болуп өттү.
Он күндүк иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 98 ышкыбоз мергенчилер, уруксат берүү системасынын 3 объектиси, каттоо эрежелеринин сакталышы жана курал-жарактарды сактоо боюнча текшерилди. Райондун жашоочулары менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анда бул чөйрөдөгү иштеп жаткан мыйзамдар жана аны сактабагандык үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө маалыматтар берилип кетти.
«Арсенал» ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 22 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренесинин (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) негизинде протоколдор түзүлдү. Он үч жаран болсо, өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарын тапшырып беришти.





