Саясат

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 

Расмий делегациянын курамындагылар: 

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; 

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; 

— Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;  

— билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева; 

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев; 

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;  

— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;   

— энергетика министри Таалайбек Ибраев; 

— юстиция министри Аяз Баетов; 

— Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев; 

— экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button