Коом

Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Ош шаарындагы базарда рейд өткөрдү

Бүгүн, 28-августта, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы базарда акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейдге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышкан.

Рейддин жүрүшүндө жетекчилер шаардын жаңы базарындагы сатуучу жайларды кыдырып, товарлардагы акциздик маркалардын аныктыгын текшеришкен.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында базарда акциздик маркалар боюнча салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталган. Айрым кант кошулган суусундуктарда акциздик маркалар жок болгон. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле рейд учурунда шаар ичиндеги соода түйүнүндөрүнүн биринде дүң сатылган суусундуктардын акциздик маркалары белгиленген талаптарга туура келбегени белгилүү болгон. Натыйжада продукция жүгүртүүдөн алынган.

«Салык кызматы импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик маркалары бар продукциялардын колдонулушун тыкыр көзөмөлдөйт. Мунун натыйжасында салык түшүүлөр жыл сайын өсүп жатат», — деп билдирген Шыкмаматов.

Тектеш кабарлар

Back to top button