Саясат

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен Саида Мирзиёева жолугушту

20-августта Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеванын жолугушуусу болуп өттү . Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган. Тараптар соода-экономикалык мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгилешип, өз ара сооданын көлөмү 2 млрд долларга чейин жетээрине өз ара ишенимин билдиришкен.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттик администрацияларынын өз ара кызматташуу маселелерине көңүл бурулган.

Адылбек Касымалиев Өзбекстан Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, аймактар аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, биргелешкен ишканалардын саны көбөйүп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланыштар активдешип жатканын билдирген.

Саида Мирзиёева өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек кызматташтыгын кеңейтүүнүн келечегин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button