Коом

Чикагодо Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Чикагодогу Кыргызстандын Башкы консулдугуна иш сапары менен барып, башкы консул Болотбек Борбиев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын иштеп чыгуу боюнча презентациясын тартуулады.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button