Кылмышка шектелип изделип жаткан жаран ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 2023-жылдын 3-майында Бишкек шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Я.С. арыз менен кайрылган. Ал арызында борбордо жайгашкан зер буюмдарды саткан дүкөндөн 62 миң сомдук алтын жасалгасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.
2023-жылдын 12-майында болжол менен саат 14:00 чамасында Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери милициянын лейтенанты Иманбек Акматов жана милициянын старшинасы Мурат уулу Дастан Бишкек шаарындагы ири соода борборунун ичинде жайгашкан зер буюмдар сатылуучу дүкөнүнөн аталган кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 1961-жылы туулган А.Ч. аттуу жаранды кармап, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



