Окуялар

Кашка-Сууда айдоочу беш адамды сүзүп, бешөө тең каза болду

 Аламүдүн районунун (Чүй облусу) Кашка-Суу айылында рулда бараткан К. уулу И. жол боюнда турган төрт бала менен бир чоң адамды койдуруп кетип, бешөө тең каза болуп калды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Окуя кечээ, саат 18:40 чамасында болгону жана рулдагы адам 22 жашта экени айтылды.

«Боз түстүү «Honda Torneo» автоунаасын Бишкектин 22 жаштагы тургуну жол эрежесин одоно бузуп, жогорку ылдамдыкта айдаган. Андан улам рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып кетип, ошол жерде тургандарды койдуруп кеткен», — деп айтылган маалыматта.

Анын кесепетинен төмөнкү жашоочулар көз жумган:

С.С. – 29 жашта;

Ч.Ф. – 15 жашта;

Б.А – 2 жашта;

А.А. – 4 жашта ;

А.М. – 6 жашта.

Трагедия болгон жерге ИИМдин ыкчам-тергөө тобу дароо жеткен. Факт боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button