Коом

Түркиядагы Кыргызстандык куткаруучулар тиешелүү медкаражаттар менен камсыздалды

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин кыргызстандык куткаруучулар 12 күндөн бери издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Учурда Хатай облусунун Антакья шаарындагы бөлүнгөн тилкелерде иштеп жаткан куткаруучулардын ден соолугунун абалын жеринде ӨКМдин фельдшерлери көзөмөлгө алууда. Дарыгерлер күнүнө ар бир кызматкерге дары-дармек, медициналык бет кап жана кол кап, антисептик менен жетиштүү камсыздап, куткаруучулардын жанында болушууда.

Ошондой эле аймакта адамдардын сөөгүн чыгарууда санитардык-гигиеналык талаптар тыкыр көзөмөл менен эрежелер сакталууда. Бардык куткаруучулар жугуштуу оорулардан сактай турчу «3М» үлгүсүндөгү бет кап менен камсыз болушкан. Аталган бет кап көп убакытка колдонууга ылайыкталып, чыпкалагычтарын саат сайын алмаштырып турууга болот. Мындан сырткары, тердетпеген, чаң өткөрбөй турган көз айнектер менен камсыздалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button