Коом
6-7-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдүн төмөнкү көчөлөрүндө автоунаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет:

▫️“Манас” эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарына чейин
▫️Жибек-Жолу көчөсүндө (Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү)
▫️Жаш Гвардия бульварында (Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин)
▫️Чүй проспектисинде (Жаш-Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин)
▫️Манас проспектисинде (“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү)
▫️“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин
Мындай чектөөлөр Катар эмиринин Кыргызстанга расмий сапар менен келишине байланыштуу.



