Билип алыңыз! Жашооңузга жакын жолотпой турган 7 адамдын түрү
Жашооңузга жакын жолотпой турган жети адамдын түрү болот. Психологдор мындай адамдардан алыс болуп, айланып өтүү керектигин айтышат. Алар кимдер экенин билип алыңыз:
1. Манипуляторлор.
Бул адамдарды манипуляция тармагындагы адистер десек болот. Манипуляторлор адамдын алсыз жактарын жакшы билишет жана башкаларды өздөрүнө пайдалуу нерсе кылууга мажбурлаганды билишет.
— Эмнеси кооптуу: Бул адамдар менен мамилелешүү сиздин ишеним системаңызга жана өзүн-өзү сыйлооңузга терс таасирин тийгизет. Алар сени каалабаган нерселерге мажбурлоонун жолдорун табышат жана бул сизди адам катары жок кылат. Сиз өзүңүздүн эмес, бул адамдардын артыкчылыктары жана ишенимдери менен жашай баштайсыз. Мындай адамдар бирөөгө кичинекей жакшылык кылса же андан чоңураак кызматта болсо ошону бетине кармап, сизди кул сыяктуу пайдаланганды жакшы көрүшөт. Өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коет, сиздин абал менен эсептешпейт жана сизди ыксыз жумшаганга, пайдаланганга, сиз каалабаган нерсени мажбурлап жасатууга өтүшөт.
2. Нарцисс адамдардын тиби.
Булар дүйнө алардын айланасында гана айланат деп ишенүүгө көнүп калган, өзүн-өзү маанилүү сезген адамдар. Алар манипуляторлордой амалкөй эмес, бирок айланасындагы адамдарды да өздөрүнө ылайыкташтырууга аракет кылышат. Адатта, мындай адамдарга: «Сен ааламдын борбору эмессиң!» деп айткың да келет. Өзүн ашкере сүйөт, башкалар анын чыпалагына да тең эместей мамиле кылышат. Мындай адамдардан чыныгы лидер чыкпайт.
— Эмне үчүн алар кооптуу: Алар өздөрүн гана ойлоп, муктаждыктарына гана көңүл бурушат. Сиздин кызыкчылыктарыңыз аларга таптакыр кайдыгер. Алар сизди колдонушат, мунун баары ага көз каранды экенине толук ишенип алышат, анткени айланадагылардын баары алар үчүн өздөрүн курмандыкка чалууга милдеттүү деп эсептешет.
3. Пессимисттер.
Бул адамдар жашоосундагы жакшы нерселерди баалабайт. Аларга: «Бүгүн күн ачык!» десең, алар эртең жамгыр жана суук аба ырайы болот деп жооп беришет. Сүйүктүү футболдук командаңыз финалга чыкканына кубанычыңыз менен бөлүшсөңүз, дароо эле: «Бирок финалда сөзсүз утулат» деген жоопту угасыз. Ошондой эле жеке жашооңуздагы жакшы жаңылыкты айтсаңыз, алар тескери жаман жагына бурушат. Башкалардын көңүлүн чөгөрүүнү каалашат, негатив издешет.
— Эмне үчүн алар коркунучтуу: Бул адамдар башкалардын кубанычын уурдашат. Алар дүйнөгө терс көз караш менен карашат, аны айланадагылардын баарына жугузат. Мындай адамдар менен баарлашып жатып, сиз өзүңүз жашоонун жакшы жагын көрбөй, турмушту боз түстө көрө баштайсыз.
4. Сынчылар.
Сиз сүйкүмдүү жана кызыктуу, жакшы нерсени көрсөңүз, алар анын жагымсыз деп көрүшөт. Эгер сиз таланттуу жана келечектүү деп эсептесеңиз, алар аны келесоо жана орто заар деп эсептешет. Алар кимдир бирөө менен дайыма талашып-тартышып турууга муктаж, алар өз оюн гана туура деп эсептешет, ал эми ага макул болбогондор келесоо деп эсептелинет.
— Эмне үчүн алар кооптуу: Алар бүт дүйнөнү өздөрүнө ылайыктуу өзгөртүүгө жана айланасындагылардан баштоого аракет кылышат. Бул адамдар дүйнө кызыктуу экенин түшүнүшпөйт, анткени бардык адамдар ар башка жана ар кимдин өз ою бар экенин билгиси да келбейт. Алар ушундай талаш-тартыштарда алган терс эмоциялар менен азыктанышат.
5. Кыял өлтүргүчтөр.
Жакшы идеяларыңыз, ниеттериңизди мындай адамдарга айтсаңыз, бул адамдар ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин дароо айтышат. Бир нерсеге жетүүгө аракет кылсаңыз, алар сени ылдый тартышат, ылдый түшүрүшөт. Сиз бир нерсени кыялдансаңыз, алар сизге биринчилерден болуп кыялдарыңыз мүмкүн эмес экенин билдиришет.
— Эмне үчүн алар кооптуу: Алар кыялдардын баардыгын толугу менен четке кагып, азыр болуп жаткан нерсеге токтолуп, кыялыңды өлтүрүшөт. Алар сиздин өзүңүзгө болгон сый-урматыңызды жана ишенимиңизди оңой эле жок кылышы мүмкүн. Адам жаңы нерсеге даяр болгондо гана прогресс жана өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүн экенин айткысы да келбейт. Кыскасы, мындай адам сиздин кыялыңызды ишке ашырууда буттан тартып турат.
6. Эки жүздүүлөр.
Булар дайыма ыймасыз болот жана ошону менен дем алган адамдар. Күлкүлүү окуяны айтсаң, чындап эле күлкүлүү эмес экенин байкасаң да, жооп катары алардан сылык күлкү угасың. Сенин бетиңе алар сени сүйөм деп айтышат, артыңдан ортодогу досторуна сенин кандай келесоо, жагымсыз адам экениңди айтышат.
— Эмнеси кооптуу: Мындай адамдар менен болгон мамиле чын ыклассыз жана үстүртөн болот. Алардын колдоосуна муктаж экениңизди сезсеңиз, алар жаныңызда ошол кезде эч качан болбойт. Алардын сага болгон жылуу мамилеси сырткы көрүнүш гана экенин билиңиз.
7. сабатсыз.
Булар бардык нерсени эң ылайыксыз учурда жана эң туура эмес жасоо адаты бар адамдар. Алар эч нерседен тартынышпайт. Мындай адамдарга жакындасаңыз көбүнчө башкаларга да алар аркылуу уят болосуз.
— Эмнеси кооптуу: Бул адамдар эч кандай адамдардын ортосундагы байланышты жана чекти билишпейт. Алар башка адамдардын сезимдерин, пикирин сыйлашпайт жана каалаган учурда сизди оңой эле таарынтып коюшу мүмкүн.
Мындай адамдар менен байланышуудан качууга мүмкүнчүлүк болсо, алыстап кетиңиз. Жашоо өтө кыска, алар үчүн энергияңызды жана убактыңызды текке кетирүүнүн кажети жок. Мындай энергияны соргон, жашооңузга негатив алып келген, сиздин көңүлүңүздү ооруткан, сизди сыйлабаган адамдардан алыс болуңүз!


