УКМК башчысы Камчыбек Ташиев ата-энесинен эрте ажырап, документи жок жүргөн жаранга жардам берди — ВИДЕО

2023-жылдын 23-майында Facebook социалдык тармагында КР УКМКнын төрагасынын атына, Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган.
Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда, ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде, улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.
2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү Николай Николаевич Казейкинге тапшырды, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматы.




