Камчыбек Ташиев Коргоо министрлигинин өздүк курамынын тартибин чыңдоосун талап кылды

Коргоо министрлиги өздүк курамдын арасындагы тартипти жакшыртуусу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал бардык аскер түзүмдөрүндө тартипти камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. «Айрыкча Коргоо министрлигинде. Биз үчүн бул маселе абдан курч турат”, — деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.
Ал ошондой эле Коргоо министрлигин бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Атайын кызматтын жетекчисинин айтымында, Коргоо министрлигинин бюджети кыйла көбөйдү.
«Коргоо министрлигин каржылоо канчалык көбөйгөнүн ачык айтышыбыз керек. Каражаттарды пайдаланууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылабыз. Бул жерде көп каражат бөлүнду, мурда кандай эле, азыркы абалы кандай коомчулук билиши керек», — деди ал.
Камчыбек Ташиев ошондой эле Ички иштер министрлиги менен Коргоо министрлигине өздүк курамдын биргелешкен машыгуусун өткөрүп, курал-жарактарын өркүндөтүүнү сунуштады.



