Коом

Кыргызстанда электр самокатын тебүүнүн эрежелери боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Кыргызстанда электр самокаттарын тебүүнүн эрежелери боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, парламент күзгө чейин долбоорду кабыл алууга үлгүрбөйт. Буга байланыштуу ал тиешелүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле электр самокаттарын ижарага берген ээлерин алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

“Электр самокаттары жаштар арасында популярдуулукка ээ болуп, аны тебүү кадимки көрүнүшкө айланды. Бирок, жаштар электр самокаттары менен чоң жолдордо жүрүп жатат. Самокаттар велосипеддерге караганда ылдам жүрөт, жана самокат менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар катталууда. Албетте, бул олуттуу маселе катары сезилбеши мүмкүн, бирок жабыркагандардын саны өсүүдө. Жакында электр самокат унааны сүзүп ала жаздагандыгына өзүм күбө болдум”, — деди депутат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жол эрежеси боюнча мыйзамдарда электр самокаттарын тебүү эрежелери жазылган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button