Коом

Энергетика министринин орун басары пенсионерлерге смартфон сатып берүү мүмкүнчүлүгү караларын айтты

Акыркы убакта Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында электр энергиясына электрондук квитанциялар киргизилди. Абоненттер «Мой свет» тиркемесин жүктөп алуусу керек. Бул кагаз дүмүрчөктөрдү кыскартуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалууда.

Бирок кээ бир улгайган адамдар телефондору баскычтуу болгондуктан, электрондук квитанция ала албай жатканын айтып даттанып жатканын депутат Дастан Бекешев парламентте айтты. 

«Эгер өтүнүч (смартфон алуу) болсо, биз карап чыгууга даярбыз. Мындай абоненттердин саны аз эле«, — деди министрдин орун басары Талайбек Байгазиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button