Коом
1-январдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочуларга 3 миң сомдон айып салынат

2025-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө ОСАГО полиси жок айдоочуларга 3 миң сомдон айып салына баштайт.
Бир жылдык камсыздандыруу — 1680 сом турат.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик машинасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда эле айып пул салууну пландап, бирок ал аракети улам жылдырылып келген.



