Коом
УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүлдү — ФОТО

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Ооганстан элине атайын учак менен дары-дармек жана башка гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борбору билдирди.
Ооган тарап Камчыбек Ташиевге жана кыргыз элинин көрсөткөн жардамын, бир туугандык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.





