Коом

Ысык-Көлдүн таштандыдан тазаланып жатканына 91 күн болду

Кечээ, 26-июнда Ысык-Көлдүн таштандыдан тазаланып жатканына 91 күн болду. Соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна”, “Голубой Иссык-Куль”, Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси, Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн суу астынан 7505 килограмм таштанды, 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button