Коом

Президент «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзам долбоорун карап жаткан жумушчу топтун ишин 1-октябрга чейин узартты

Мыйзам долбоору президенттик администрация тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында коомдук талкууга коюлган.

1999-жылдан бери өлкөдө бир нече миң бейөкмөт уюмдар, анын ичинде башка өлкөлөрдөн келген бейөкмөт уюмдардын ондогон филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ачылганы кабарланган. Бийлик бул тармакты жөнгө салуу зарыл деп эсептейт.

Кийинчерээк мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Юстиция министрлигинин, президенттик аппараттын кызматкерлери, юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button