Коом

УКМК: Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды — ВИДЕО

КР УМКК финансы министрлигине караштуу алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматынын департаментинин кызматкерлери менен биргеликте «О» ЖЧКсынын жасалма алкоголдук продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

2022-жылдын 17-мартында өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кара-балта шаарынын «О» ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 000 бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.

 Тинтүү учурунда андан тышкары 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка ж.б.) табылды.

Азыркы учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат,- деп айтылат аталган мекеме берген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button