Кыргызстан мамлекеттик жайыт ишканасын түзүүнү пландоодо

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоют базасын өнүктүрүү кызматы Жайыттарды башкаруу концепциясын пилоттук форматта ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу кызматтын директорунун орун басары Ишенбек Алмамбетов «Жайыттардын абалын жакшыртуу жана аларды рационалдуу пайдалануу» аттуу семинарда жасаган докладында билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында жайыттар айыл чарбасынын, айрыкча мал чарбачылыгынын негизги ресурсу болуп саналат. Өлкөдөгү эң ири жайыт аймактарына ээ болгон Нарын облусунда акыркы жылдары катаал климаттык шарттарга, бийик тоолуу рельефке жана жайыттарга түшкөн жүктүн көбөйүшүнө байланыштуу деградация коркунучу күчөп жатат. Ушуга байланыштуу жаңы концепция жайыт ресурстарын туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
«Концепциянын негизги максаты — Нарын облусунда жайыттарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, деградация процесстерин азайтуу, жайыт ресурстарын калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде айыл калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Концепция туруктуулук, коомчулукка багытталган башкаруу, ачык-айкындуулук, илимий негиздүүлүк жана санариптештирүү принциптерине таянат»,- деди ал.
Ошондой эле концепциянын алкагында жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын 100 пайызын толугу менен жайыт тармагын өнүктүрүүгө багыттоо, мындан тышкары мамлекеттик жайыт ишканасын же атайын жайыт фондун түзүү сунушталууда. Бул механизм каржылык өз алдынчалуулукту, каражаттарды максаттуу пайдаланууну, ачык-айкындуулукту жана жайыттарды башкаруунун туруктуулугун камсыз кылмакчы.



