Коом

УКМК: Талас шаарындагы стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы  стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле подряддык уюм тарабынан келишимдин шарттарын аткарбоо фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, «Талас Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери аталган стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө КР мыйзамдарын бузуп, тендер өткөрбөстөн подряддык уюм менен түз келишим түзгөн.

Жыйынтыгында подряддык уюмдун жооптуу кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан келишимдин шарттарын бузуулар орун алганына, ошондой эле аткарылган курулуш иштеринин сапаты талапка жооп бербегендигине карабастан 25 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button