Коом

УКМК: Баасы 7млн 500 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келгендер аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматы тарабынан КР Мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү түзүмү менен бирдикте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

2023-жылдын 30-мартында “Чоң-Капка- унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.Э.Х. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү 06KG411ADM мам.номерлүү оор жүк ташуучу унаа 06KG550PB мам.номерлүү чиркегичи (прицеп)  менен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү документтери жок, баасы 7 миллион 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товардык-материалдык баалуулуктар табылган. Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттин шериктерин аныктоо жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюудан чыккан зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button