Коом

Жалал-Абадда үч аялдан күйдүргү аныкталып, бири Бишкекте дарыланууда

Жалал-Абад район аралык санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимовдун айтымында, бейтаптар медиктерге 8-майда кайрылышкан. Алардын экөө Жалал-Абаддагы ооруканага жаткырылса, бири өз алдынча Бишкекке келген. 

Бейтаптар музоосу жер төлөгө түшүп кетип жакшы болбогондуктан, 22-апрелде мал доктурдан уруксат албай эле сойгонун айтышкан. Анын эти 6 үй-бүлөгө таратылган. 

Дарыгер жалпы 104 адам байланышта болгону, мал союлган жерден үлгү алынып, күйдүргү топурактан аныкталганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button