Коом

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» бекеттери жабылат

3-июндан 5-июнга чейин кыргыз-кытай чегиндеги «Торугарт» менен «Эркечтам» постторунда жүк өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мындай кадам Кытай тараптын демилгеси менен болууда.

«Кытайда Дуань-у (Ажыдаар фестивалы — ред.) майрамына карата 2022-жылдын 3-5-июнь күндөрү «Торугарт – автожол» жана «Эркечтам – автожол» көзөмөл өткөрмө бекеттери жүк алып өтүүчүлөр үчүн убактылуу жабылат. Транспорт каражаттарын өткөрүү 6-июндан тарта жанданат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button