Марс Сариев: Жол эрежесин бузгандарга катаал чара көрүлүшүн толугу менен колдойм

Кыргызстанда 8-Марттан кийин жол эрежесин бузгандарга катаал чара көрүү маселеси каралып, президент Садыр Жапаров да себебин түшүндүрдү.
Статистика боюнча жыл сайын жол кырсыгынан жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алышат. Тилекке каршы алардын арасында жаш балдар да бар. Ушундай статистика коомчулукка жарялангандан кийин да, айрымдар жол эрежесин бузгандарга катаал чара көрүлүшү керек деген маселеге каршы болууда. Бирок, жол эрежесин бузгандарга катуу чара көрүлүшү керектигин саясий серепчи Марс Сариев да айтып берди:
-Азыркы учурда Кыргызстанда жол кырсыгы абдан көп болуп жатканын баарыбыз эле көрүп, угуп, билип жатабыз. Ошондуктан жол эрежесин бузгандарга катаал чара көрүү маселеси абдан туура. Себеби, буга чейин айдоочулук күбөлүктү көпчүлүгү окубай эле сатып алганы байкалып турат. Ошондон улам, жол эрежесин билбегендиктен көпчүлүгү айдоочулар кырсыкка кабылып, адам өлүмү менен аяктаган учурлар бар. Андыктан, мындай катаал чара көрүлүшүн мен толугу менен колдойм. Ушундай жол менен кырсыктын алдын алса болот.



