Окуялар

Бишкекте мектептин аймагында асылып калган мугалимдин сөөгү табылды

Бишкектеги мектептердин биринде тепкичке туруп асынып калган бий мугалиминин сөөгү табылганын социалдык тармактарга жазышууда

Октябрь райондук милициясы ал 5-июлдагы окуя экенин билдирди. Бирок ал бүгүн гана маалым болду.

Тартип сакчылардын алдын ала берген маалыматына таянсак, 37 жаштагы киши өз жанын кыйган. Бирок денесинен кыйноонун издери табылган эмес. Аталган факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button