Окуялар

Товарларды Кыргызстан аркылуу контрабандалык жол менен ташыган канал аныкталды

УКМК КР Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында «Ош» эл аралык аэропортунда «Esse Change» тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган учурда чет өлкөлүк жаран Р.И.А. кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жаран кылмыштуу ишмердигин жашыруу максатында үчүнчү өлкөлөр аркылуу түзүлгөн аба каттамы менен учуп келип, Ош шаары аркылуу контрабандалык жүктү жер үстүндөгү транспорт каражаты менен коңшу мамлекетке алып өтүүнү көздөгөнү аныкталды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button