Сокулукта жашы жете элек кыздын сабалганы боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда жашы жете элек кыздын сабалганы боюнча милиция териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча факт 2026-жылдын 21-августунда райондук ички иштер бөлүмүндө катталган.
Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамда белгиленген тартипте процессуалдык чечим кабыл алынат.
Милиция жабырлануучу кыздын жашын, учурдагы абалын жана окуяга катышкан адамдар тууралуу маалыматты тактаган жок.
Белгилей кетсек, жабырлануучу 21-августта ооруканага кайрылган. Анын айтымында, ошондон бери бетиндеги шишик басыла элек. Ошондой эле кыздын көрүүсү жана угуусу начарлаган.
Кыздын айтымында, милицияга кайрылгандан кийин да ага коркутуп-үркүткөн билдирүүлөр келип турган. Чыр-чатакка катышкан кыздардын бири Назбийке «үйүңдү өрттөп, өзүңдү өлтүрөм» деп коркуткан.
«Назбийке социалдык тармактагы сторисине мени сабаганын жана андан кийин жеңилдеп калганын жазган», — деди жабырлануучу.



