Коом

Ырчы Нурчолпонго ыдык көрсөткөн аскер кызматкери кандай жаза алды?

Аскер прокуратурасы ырчы Нурчолпондун аскер кызматкери тарабынан ыдыкка кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Кылмыш жасаган үч адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Аскердик бөлүктүн командиринин орун басары А.Ж., Армиянын борбордук үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Б. жана башкы курал-жарак бөлүмүнүн башчысы Л.А. жазаланды», — деп билдирди прокуратурадан.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда ырчы Нурчолпон Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдыкка алынганын билдирген. Ырчы ал учурда армиянын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеген. Иш-чаранын биринде аскер кызматкери ага колун тийгизип, күч менен кармоого аракет кылган. Жоокерлердин, аскер аялдардын бири ага жардам берген эместигин айтып, коомчулукка видо кайрылуу жасаган эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button