Коом

Кыргызстанда жай мезгили башталгандан бери 41 адам сууга чөккөн

Кыргызстанда жыл башынан бери 60 адам сууга чөккөн, анын 41и жай мезгилинде чөккөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33%га өскөн.

“Сууга чөккөндөрдүн 56 пайызы эркектер, 31 пайызы 1 жаштан 2 жашка чейинки балдарды түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү болуп саналат. Ошондой эле сууга чөгүүнүн дагы бир себеби мас абалында суу жээгинде эс алуу болуп саналат”, — деп белгилешти ӨКМден.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button