Коом

Чүй облусунун бир катар калктуу конуштарында газ убактылуу болбойт

«Чүйгаз» газ кызматы жогорку басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө иштерди жүргүзүүгө байланыштуу 8-сентябрдан 9-сентябрга чейин төмөнкү калктуу конуштарда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтоторун маалымдады:

Сокулук айылы, Шопоков шаары, Романовка, Гавриловка жана Александровка айылдары.

«Чүйгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ берүү токтотулган мезгилде абоненттерден энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүндү.

Иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүү жана коопсуз болушун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button