Коом

Жөө адамдарды коюп кеткен деп ИИМдин Ички аскерлеринин өкүлү кармалды

Бишкектин четинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыкка себепкер болгон деп ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ал Бишкектеги гарнизондун гауптвахтасына (аскер кызматкерлери үчүн камак жайы) киргизилди.

Эске салсак, өткөн жумада Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Маевка айылынан эки адамды коюп кеткен. Анын кесепетинен ал  адамдар набыт болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button