Коом

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагасы болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов 3 жылдык мөөнөткө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун тиркемеси) кабыл алынды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button