Садыр Жапаров мамлекеттик (кыргыз) тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду, орус тили расмий бойдон калууда
Аталган мыйзамда кыргыз тилин билүүгө жана өз ишинде колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери кирет.
Ошондой эле:
▪чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат
▪менчигинин формасына карабастан телерадиокомпаниялар өз берүүлөрүнүн 60% кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышы керек
Кабыл алынган конституциялык мыйзамда орус тили Кыргызстанда расмий тил катары пайдаланылат.
“Кыргызстан өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Ар бир жаран эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу”, — деп айтылат мыйзамда.



