Жунушалиев кызматында жогорку көрсөткүчтөргө жеткен кызматкерлерге акчалай сыйлык тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен 10 кызматкерине 50 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкедей, сыйлык Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерине берилди.
Мэрдин айтымында, жыл аягына чейин жогорку көрсөткүч көрсөткөн кызматкерлерге ай сайын 50 миң сом өлчөмүндө материалдык сый акы берүү каралган.
«Жыл башынан бери Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 8,5 миңге жакын объект демонтаждалып, муниципалдык менчиктеги 267 миң чарчы метр жер тилкеси бошотулган. Ошондой эле 56 млн сомго жакын айып пул өндүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Муниципалдык инспекция 787 рейд өткөрүп, 42 миңден ашык объектти жана чарба жүргүзүүчү субъектти текшерген. Натыйжада 14,5 миңге жакын административдик укук бузуу аныкталып, 57 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлгөн.



