Президент уюлдук компанияларды байланыш менен камсыз кыла турган спутникти иштеп чыгууга тапшырма берди

Садыр Жапаров уюлдук компанияларды байланыш менен камсыз кыла турган спутникти иштеп чыгууга тапшырма берди. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.
Өлкө башчы Америкадагы мекендештер менен жолугушуусунда мындай тапшырманы адистерге эки-үч жылдан бери берип келерин айтты.
«Уюлдук компанияларды байланыш менен камсыз кыла турган өзүбүздүн спутник болсун деп балдарга тапшырма берип жатам. Көбүрөөк спутник учурушубуз керек экен, буюрса аны дагы алдыдагы 5-10 жылда учуруп калабыз», — деди президент.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында өлкөнүн алгачкы спутнигин орбитага чыгаруу аземине катышуу үчүн барган. Орбитага спутникти SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы алып чыкты. Бул спутник негизинен жаратылышты жана өлкөнүн аймагын мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Ал айыл чарба жерлеринин абалын, жер кыртышын, мөңгүлөрдүн эришин, аба ырайын, өзгөчө кырдаалдарды жана кен байлыктарды изилдөөгө жардам берет.



