Сурамжылоо: Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатына кыргызстандыктардын 64 пайызы оң баасын берди

Кыргызстанда респонденттердин 17 пайызы регулярдуу армияга, 5 пайызы саясий партияларга оң баа беришкен. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.
Сурамжылоо 2023-жылдын 5-майынан 25-майына чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку курактагы 1492 кыргызстандык катышты.
Алсак, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарынын коомдогу ролу 9 пайызга, парламент менен милициянын ролу 8 пайызга, бейөкмөт уюмдар 6 пайызга, ЕККУ 5 пайызга оң бааланган. ЕАЭБде 8 жана БУУда 9 пайыз бар.
Изилдөөчүлөр президент Садыр Жапаровдун саясатын кыргыз эли кандай баалап жатканын да сурашты. 64 пайызы оң деген жообун беришти. Депутат Нуржигит Кадырбеков 33 пайыз оң пикир менен Садыр Жапаровдон кийин экинчи орунда турат.
Ал эми сурамжылоого катышкандардын 31 пайызы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев тууралуу оң пикирлерин айтышкан.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго сурамжылоого катышкандардын 11 пайызы жакшы баа берген.



