Коом

Бишкекте бала бакчалардын иш режими өзгөрдү

Бишкекте бала бакчалардын иштөө режими өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, мурда бала бакчалар эшигин 7:30да ачып, балдарды 18:30га чейин алып кетүүгө мүмкүн болчу.

Эми балдар муниципалдык мектепке чейинки мекемелерде саат 8:00дөн 18:00гө чейин болушат. Министрлер кабинети жаңы мамлекеттик стандартты май айында эле бекиткени такталды.

Соцтармакта саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштеген ата-энелер бул график ыңгайсыз экенин айтып, баланы алуу үчүн саат 18:00гө жетишпей калышарын жазышууда. Буга чейинки стандарт боюнча, бала бакчалар 7:30дан 18:30га чейин иштечү.

Тектеш кабарлар

Back to top button