Коом

УКМК: Мыйзамсыз иштери менен мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтиргендер кармалды — ФОТО

Чет өлкөлүк жаран жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан “Мыйзамсыз ишкердик” жана “Коррупция” фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынын жараны М.Р.А. жана Чүй-Бишкек боюнча өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери — Э.Э., А.А. жана А.К. кармалды.

Бул адамдар салык төлөөдөн качуу максатында, түндүк көзөмөлдөп өткөрүү пункттары (Чалдовар, Ак-Тилек, Ак-Жол жана Чоң-Капка унаа жолу) аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба жана башка продукциялар жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн зарыл болгон жүк ташуучу документтерди даярдоонун туруктуу мыйзамсыз схемасын уюштурушкан.

Мындан тышкары, аталган чет элдик жаран Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, салык органдарына жалган фирмаларды каттоодон өткөрүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды тиешелүү жол-жоболордон өткөбөстөн тоскоолдуксуз экспорттоого ишкерлерге акчалай сый акы алуу үчүн жүк ташуучу документтерди сейф менен камсыз кылгандыгы аныкталды. Жалпысынан бул мыйзамсыз иш-аракеттен мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Атайын тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ошондой эле Октябрь райондук сотунун чечими менен Казакстан Республикасынын жараны М.Р.А. жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери — Э.Э., А.А. жана А.К. карата КР юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №21-тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке катышкан башка адамдарды жана ушул сыяктуу псевдофирмалардын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button