Коом
Ысык-Көлгө майы төгүлгөн скутердин айдоочусуна 10 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги скутердин багы жарылып, май агып кеткендигин билдирди. Кум, суу жана жерден алынган үлгүлөр лабораторияга жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен дагы доо коюлары кошумчаланды.
Буга чейин интернет айдыңында көлдүн үстүнө катер менен скутердин майы калкып чыккан сүрөт тараган.



