Коом
Адылбек Касымалиев Кыргызстанда күйүүчү майдын үзгүлтүккө учурашына жол бербөөнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында ички рыноктогу абал, мунай продукцияларын импорттоо, күйүүчү майдын запасын түзүү, тарифтерди жөнгө салуу жана мамлекеттик субсидиялар маселелери каралды.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери пландалган иштердин аткарылышы тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев өлкөнү мунай продукциялары менен үзгүлтүксүз камсыздоону, рынокко көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле ата мекендик мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоону тездетип, КММ рыногунда туруктуулукту сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүүнү тапшырды.



