Коом

Курулушчуларды куураткан, сатуучуларды санаага салган «БСК» механизмин жолго салчулар барбы?

Кыргызстанда акыркы жылдары ар кандай курулуш иштери күч алып, оңолуу жолуна түшкөнү  баарыбызды кубандырып турат. Бирок,  жыл башында 2022-жылдын аягында чыгарылып,  2023-жылы ишке кирген БСК (келишимдерди банктык колдоо) боюнча Өкмөттүн чечими кичи бизнес менен алектенгендер үчүн эмес экенине нааразы  топ пикирин билдиришти.

Ар бир мамлекеттик курулуш же бир обьектинин оңдоо иштерине келишим түзүлүп, иштин алга жылуусуна жолтоо жаратып жаткан БСК (келишимдерди банктык колдоо) боюнча Өкмөттүн чечимин көпчүлүк мамлекеттик органдар да, банктын кызматкерлери да түшүнбөй, курулуш компанияларына ыңгайсыздык жаратып жатканы айтылууда. Бул системанын чала иштелип чыккан механизми тууралуу курулуш компаниянын жана сатуучулардын атынан тиешелүү министрликтерге, органдарга   бир нече жолу кат жолдогон экен. Бирок, биринен да алгылыктуу жооп ала алышкан эмес. А чындыгында бул системаны ошол эле банкта иштегендер да,  министрлик да  жакшы түшүнүпөй жатканы белгилүү  дейт.

“Россияда мындай механизм он жылдан бери иштеп келет.  Ал жакта адегенде атайын адистерди окутуп, үйрөткөн экен. А бизде эч кандай алгылыктуу түшүндүрүү иштери, окутуу да болгон эмес. Бул курулуш иштерин жана соода сатык менен алектенгендердин, ошол эле учурда мамлекеттин ишин да артка тартып жатат. Биздин мындай  жыл башынан бери чечилбей жаткан маселебизди Президент Садыр Жапаров биз менен жолугуп, өзү угуп, тиешелүү чараларды көрсө, ишибизди жеңилдетип, өтө эле татаалдашкан бул механизмди жолго коюп берсе деген тилектебиз. Тилекке каршы, бир да министр биз менен жолугууга, түшүндүрүүгө макулдугун берген жок. Биз деле баардыгын ачык айкын болуп, мамлекетке пайдасы тийүүсүн каалайбыз. Азыр көпчүлүк курулуш компаниялары буга чейин иштеп келсе, мындай келишимден кийин баш тарта баштады. Себеби,  ар кандай документтерди чогултуу, алардын жыйынтыгын кутүү, акчанын убагында которулбаганы көп түйшүктү жаратып, аткарыла турган ишти өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө жолтоо болуп жатат. Бул механизм курулушчуларга эле эмес, ар кандай курулуш материалдарын саткан сатуучуларга да көйгөй жаратууда”, — дейт курулуш компаниянын  өкүлдөрү.

Жумалиев Суйундук Жекшенбаевич, “Илбирс Групп” ЖЧКнын өкүлү:

-Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары биздин өлкө гана эмес, Россиянын дагы консультанттары Батыш өлкөлөрүнөн болуп эсептелген. Андагы, жаңы курулуп жаткан мамлекеттин абалы баарыбызга белгилүү болчу, ошол абалдан 1994-жылдары элибизди ачарчылык каптаган. Ошондо Эл аралык валюта фонду жумушсуздарды иш менен камсыздап, ач калган элди жакырчылыктан чыгаруу маселесин ортого коюшкан. Бизде өндүрүш жок болгондуктан аталган фонд “Кошумча нарк” деген түшүнүктү киргизген. Бул деген – кайсы бир компания металл алып кирген болсо, тагыраагы бизде жок курулуш материалдарын рынокко  киргизген учурда, сатып алуучулар сатып алган материалдын үстүнө үстөк бааны кошуп сатса болот деген түшүнүк. Ошентип, элибиз бардык тармактарда үстөк баа менен иш кылып, бизнесин ачып алышкан.

Туңгуч президент А.Акаев “элди эркин сүзүүгө кое бердим, жашооңорду кантип башкарсаңар дагы өз колуңарда” дегени бар. Мына ошондо либералдуу экономикага өткөнбүз, Батыштын жанагы модели дал ушул максат болчу.

Биздин курулушчулар дагы үстөк бааны пайдаланып, ар кандай тендерлерге катышып жатышат, киреше дагы мына ошол үстөк баадан келип чыгат.

Азыркы киргизилген “Контракты банктык коштоо» (БСК) деген механизмди башында эмес, стандарттуу келишимдин ичинде жашыруун камтыптыр, каражаттарды максаттуу чыгымдоо үчүн толук укук банктарга берилиптир. Биздин курулушчулар бул ыкмага даяр эмес болчу, муну бизге алгач окутуш керек эле.

Бул механизм Кыргызстандын экономикасынын алмашуу жолуна алып барат. Ири ишканалар үчүн иштелип чыккан план болгондуктан, майда курулуш ишканалар  жокко чыгарылып калышы мүмкүн. Себеби, бул долбоорго (БСК) көптөгөн документтерди талап кылынат. 

Ал эми жогоруда мен айтып кеткен үстөк баа жоюлат, аны менен кошо биздин майда подрядчиктердин,  товар берүүчүлөрдун  иштери дагы артка кетет же жоюлат. Анан алар, ири компанияларга барып жалданма жумушчу болуп иштешет. Кайра эле баягы жумушсуздук маселеси жаралат, — деди кейип.

Талант уулу Жодурабек, “Компания Золотой Век” ЖЧКнын директору:

-2022-жылдын аягында чыгарылып,  2023-жылы ишке кирген мыйзамдагы БСК (келишимдерди банктык колдоо) боюнча айтсам, азырынча бул мыйзам кичи бизнес менен алектенгендер үчүн эмес экен. Мисалы, мен Жалал-абад шаарында туруп,  жумуштарга катышам, жалпы Жалал-Абад жергесинде ар кандай тендерлерге катышып, ошол жактагы региондорго материал жеткирем. Эми ишке кирген БСК бул ишти дагы артка тартып, өз капчыгымдан иштерди бүтүрүп, аягында акча которуу жагына келгенде кыйналып калдык. Бул системанын эч кандай эффективдүүлүгүн көрө алган жокмун. Кыргызстандын мыйзамдарына дагы бул иштелип мыйзам туура келбейт экен, анткени салык кодекси менен БСКныкы бири-бирине туура келбейт, — деди Талант мырза.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button