Окуялар

Ысык-Көлдө он беш балык менен браконьер кармалды

Жаңы жылдын алдында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери өз ишин күчөтүшүүдө, анткени жылдын ушул мезгилинде браконьерлер өз мыйзамсыз аракеттерин активдештирет. Бул көйгөй менен күрөшүүгө, көбүнчө өзү үчүн эмес, пайда табуу үчүн балык запастарын мыйзамсыз уулоону токтотууга, баарынан мурда аймактык милициянын уюштурулган кайтаруу күчү жардам берет. Мыйзамсыз балык уулоочу жерлерде үзгүлтүксүз милициянын мобилдик топторунун күзөт иштери өзүнүн натыйжаларын беүүдө.

Алып айтсак, Түп айылынын жанындагы «Соколиное» көлүнүн участогунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен 36 жаштагы Түп айылынын тургуну С.Б. кармалган. Кармалган жарандан далил зат катары 1 үйлөтүлүүчү резина кайык жана 15 даана мыйзамсыз кармалган балык алынды.

Бул факт Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, материалдар тергөө кызматына чечим кабыл алуу, ошондой эле материалдык зыянды аныктоо үчүн өткөрүлүп берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button