Коом
Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтөт

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө керектөөнүн көлөмү өсүүдө. Мындан тышкары, бийлик Бишкектин жана Чүй облусунун айланасын толугу менен газдаштырууну пландап жатат.
«Ошондой эле Бишкек ТЭЦин газдаштыруу жана Чалдоварга кубаттуулугу 500 МВт газ станциясын куруу планы бар. Биз буга даярбыз, азыр иштеп жатабыз», — деди министр РИА Новостиге берген маегинде.



