Коом

Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек

Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек.

ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө «Эдельвейс» кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен. Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшөт.Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.

«Семёнов — Тянь-Шанский» чокусуна 14-июлда 34 жаштагы чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button