Коом
Кыргызстан Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү токтоткон себебин түшүндүрдү

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү июлда жолугушуп, казак тарап Жамбыл облусундагы кургакчылыктан улам суунун көлөмүн көбөйтүүнү, тагыраагы, графикте секундасына 40 метр куб каралса, 45 метр куб суу берүүнү өтүнгөн. Кыргыз тарап мындай учурда 4-августта Казакстандын үлүшү түгөнүп каларын эскерткен. Ошого карабай графиктен көбүрөөк алууга макул болушкан. Буга байланыштуу 4-августтан тарта токтотулган.
Айыл чарба министрлиги ансыз да Киров суу сактагычына суу аз топтолуп жатканын белгиледи. Былтыр ушул маалда секундасына 13,7 метр куб суу агып кирсе, азыр 1 метр куб араң келип жатат.
Ошону менен катар Казакстандын чек араны бойлой аккан Талас дарыясынан секундасына 5-8 метр кубга чейин суу алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.



