Коом

Каракол шаарында 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүштү. Милиция шектүүнү кармады

13-август күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына тез жардам кызматынын дарыгеринен кабар түшүп, анда өз үйүндө бычактан жаракат алган аялдын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган.

Маалымат боюнча, окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп кеткен. Окуя орун алган жерди текшерген учурда, милиция кызматкерлери денесине ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгүн табышкан.  Ошондой эле каза болгон жарандын өздүгүн аныктап чыгышты. Ал, Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин ыкчам кызматтарына жана милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аталган кылмышка тиешеси бар жаранды аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилди. Кылмышкерлерди издөөгө Ысык-Көл ОИИБдин ыкчам кызматкерлери да тартылды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, аталган кылмышка шектелип, Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Кармалган шектүү жаран алдын ала суракта жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Соттун чечими менен шектүүгө бөгөт коюу чарасы тандалып алынганча, кармалган жаран Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button