Коом

Министрлер кабинети Бишкектин түштүгүндө Ак үй кура турган компанияга жер участогун менчикке өткөрүп берет

Токтомго Акылбек Жапаров кол койду. 

Документке караганда, «Иншаат строй билдинг» подрядчы компания болуп саналат. Негиздөөчүлөрү Акбарали Абдыразаков менен Алтынбек Козуев.

 Бул компания буга чейин балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борборун курган. 

«Иншаат строй билдингге» жалпы аянты 25 гектарды түзгөн үч участок өткөрүп берилет: 

▪️Абсамат Масалиев көчөсү, 22 — 18,1853 га

▪️Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165 — 4,8899 га

▪️Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9 — 2,713 га

Министрлер кабинети участокторду баалоо тапшырмасын берди. Эгер алардын рыноктук баасы курулуш ишинен кымбат чыкса компания ортодогу айрыманы кайтарып берет. Эгер төмөн болсо президенттин Иш башкармалыгы подрядчыга акча таап берет. 

📌Президенттин администрациясынын жаңы имараты мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулууда. Объектини октябрь айында эксплуатацияга берүү пландалууда. 


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button