Коом
Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун юбилейлик саммитине байланыштуу коопсуздук боюнча чаралар күчөтүлдү.
Борбор калаанын көчөлөрүндө ИИМ, Коргоо министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, ӨКМ жана башка мамлекеттик органдардын 15 миңге жакын кызматкери нөөмөттө турат.
Андан сырткары, бир катар жерлерден сооттолгон аскердик транспортторду көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын борборуна Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана бир катар өлкөнүн лидерлер чогулду.



